Кыр Рус
өлкөдөн өткөн дөөлөт жок

Мукаш Базарбаев, Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, коомдук ишмер:

Сооронбай Жээнбековдун жетекчилик тажрыйбасы зор. Совхоздун директору, айыл-чарба министри, Ош облусунун губернатору, кадр кызматыны башчысы, Ɵкмɵт башчы кызматтарын аркалады. Бардык иштеген жеринде ак ниеттүүлүк менен таза иштеди. Айрым аткаминерлердей болуп С. Жээнбеков коррупциялык иштерге, жаман нерселерге аралашкан жок. Бул жагынан аны репутациясы кристаллдай таза ɵтɵ саналуу мамлекеттик ишмерлердин катарына кошсок болот.

Ал эми анын айыл-чарба тармагын жакшы түшүнɵрү анын артыкчылыктарынын бири. Анткени, Кыргызстан - агрардык республика. Сооронбай Жээнбеков гана келечекте бул тармакты оң жолго салып өнүктүрө алат. Сооронбай Жээнбеков өнөр жай, региондорду өнүктүрүү, мамлекеттик башкаруу органдардын кадрлар менен чыңдоого көп көңүл буруп жатат.

Мамлекеттик кызматтын бардык тепкичтерин этап-этабы менен басып келе жаткан Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн экономикасын өнүктүрүп, калктын турмуш-тиричилигин жакшыртууга жөндөмдүү, Кыргызстандын президенттигине татыктуу талапкер.


Каныбек Туманбаев, ишкер:

Мен 15 жыл Россияда жашап, иштедим. Апрель революциясынан кийин үйүмө, Жалал-Абадга кайттым. Анткени, Кыргызстанда өзүмдү таап, балдарымды мекенимде тарбиялап, өстүргүм келет. Учурда курулуш тармагындагы бизнесим өнүгүү жолунда баратат, жакынкы күндөрү кагаз иштетүүчү фабрика ачканы турам. Ишкер катары мен өлкөдө стабилдүүлүк сакталып, уланышын каалайм. Бизге карата бийлик тарабынан кысымдар жок, тескерисинче, мамлекет биринчи жолу бизнеске колдоо көрсөтүп жатат, жаңы базарларга жол ачып, жеңилдетилген кредиттерди берүүгө жардам кылууда.

Сооронбай Жээнбековду Ош облусунун губернатору болуп иштеген мезгилден бери билем. Жөнөкөй, адамгерчиликтүү, жакшы адам. Ошол эле маалда талапкөй жетекчи. Өлкөнүн кызыкчылыктарын жакшы түшүнүп, көйгөйлөрүн жакшы билет. Мамлекет үчүн биринчи кезекте жаңы жумушчу орундарын түзүү, жумушсуздукту жоюу маселелери курч болуп турат. Мамлекеттин жаңы ишканалардын ачылуусун колдоого алуусу кыргызстандыктардын чет жерлерге кетпестен, өз үйлөрүндө иштеп, акча табууларын шарттамак. Жээнбеков президент болуп турганда биздин мигранттар мекенине кайтышат. Муну менен өнөр жай, экономика өнүгүүгө өрүш алат. Ошондуктан Сооронбай Жээнбековду чын дилден колдоп, башкаларды да ага добуш берүүгө чакырам. Анын колунан келет!