Кыр Рус

Сооронбай Жээнбеков. Талапкер жɵнүндɵ

    Сооронбай  Шарипович  Жээнбеков

    1958-жылдын 16-ноябрында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тельман айылында туулган.

    Эмгек жолун 1976-жылы Ɵзгɵн районундагы Ленин атындагы орто мектепте орус тили жана адабияты мугалими болуудан баштаган. Андан кийин К. И. Скрябин атындагы айыл-чарба институтунун студенти болот. 1983-жылы окуу жайды аяктап, кесиби боюнча иштейт. 1988-жылы С. Жээнбековду жетекчилик кызматтарга сунушташат. Парткомдун катчысы, совхоздун директору жана колхоздун башкармалыгынын тɵрагасы болуп иштейт.

    1995-жылы бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңештин Эл ɵкүлдɵр жыйынына депутат болуп шайлануу менен С. Жээнбековдун мамлекеттик ишмердиги башталган. Ошол эле жылы СДПКнын катарына кирип, Алмазбек Атамбаев тарабынан демилгеленип түзүлгɵн Кыргызстандагы алгачкы «Реформа» депутаттык фракциясынун курамында иштейт.

    Акыркы жылдары С. Жээнбеков мамлекетти башкарууда чоң тажрыйбага ээ болду. Шайлоочулар үч ирет (1995, 2000, 2005-жж.)  ишеним артып, Жогорку Кеңештин депутаты кылып шайлашты. Жогорку Кеңештин тɵрага орун басары, агрардык маселелер боюнча парламенттик Комитеттин тɵрагасы болуп шайланды. Мамлекеттик ишмердигинде дагы да натыйжалуу иштɵɵ үчүн С. Жээнбеков бул жылдары экономика адистиги боюнча кошумча жогорку билимге ээ болот.

    2007-жылы С. Жээнбеков курч саясий кырдаалды жеңилдетүү жана коомчулуктагы бɵлүнүп-жарылууну токтотуу максатында түзүлгɵн  Алмазбек Атамбаевдин ɵкмɵтүндɵ айыл-чарба министри болуп дайындалган. Бул кызматтан кеткенден кийин СДПКнын курамында саясий ишмердигин  уланткан.

    2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин Ош облусунун губернатору болуп дайындалат. Бул кызматта 5 жыл иштеди.  Ош облусу менен  Ош шаарында улуттар аралык кагылышуудан кийинки жаралган абалды жɵнгɵ салуу, тынчтыкты, стабилдүүлүктү камсыз кылуу иштерине  катышып, элдин социалдык кɵйгɵйлɵрүн чечүү, турмуш-шарттарын жакшыртуу жаатында  кɵптɵгɵн маанилүү  иштерди аткарды.

    2015-жылдын аягында КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси болуп дайындалып, андан кийин КР Президентинин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары кызматына которулат.

    2016-жылдын апрелинде Жогорку Кеңеш С. Жээнбековду Кыргыз республикасынын Ɵкмɵт башчысы кызматына бекитти. 2017-жылдын 15-июлунда СДПК партиясынын съездинде Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына талапкер болуп кɵрсɵтүлгɵн.