Кыр Рус

Партиялаштар Сооронбай Жээнбеков жɵнүндɵ

Инициаторами создания Социал-демократической партии были Алмазбек Атамбаев, возглавлявший в тот момент научно-производственную фирму "Форум", Жумабек Ибраимов - глава госадминистрации города Бишкек, Абдыжапар Тагаев - глава госадминистрации Джалал-Абадской области, Абдыганы Эркебаев- глава госадминистрации Ошской области, Анатолий Марышев - генеральный директор Конструкторско-технологического института "Корммаш", Акылбек Жапаров - руководитель отдела по вопросам молодежной политики аппарата правительства.

Мар БАЙЖИЕВ, Кыргыз Эл жазуучусу:

Мен бир эле Сооронбай Жээнбековду эле эмес, анын бир туугандарын жакшы тааныйм. Агасы Жусупбек Шарипов убагында Ысык-Көл облусун башкарган. Бир тууган Жээнбековдор дили, дити таза, пейилдери кенен, тектүү жердин уулдары. Алар жан-дүйнөсү менен ишке дитин коюшуп, жүктѳлгѳн милдетти майын чыгара аткарышат. Баардыгы ыймандуу.
Сооронбай Жээнбеков – элибиздин, мамлекетибиздин жүгүн аркалап кеткенге даяр, татыктуу жигиттерибиздин бири. Элибиздин колдоосун алса уят кылбай, улуу ишти аркалап кетерине ишенем.

Мукаш Базарбаев, Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, коомдук ишмер:

Сооронбай Жээнбековдун жетекчилик тажрыйбасы зор. Совхоздун директору, айыл-чарба министри, Ош облусунун губернатору, кадр кызматыны башчысы, Ɵкмɵт башчы кызматтарын аркалады. Бардык иштеген жеринде ак ниеттүүлүк менен таза иштеди. Айрым аткаминерлердей болуп С. Жээнбеков коррупциялык иштерге, жаман нерселерге аралашкан жок. Бул жагынан аны репутациясы кристаллдай таза ɵтɵ саналуу мамлекеттик ишмерлердин катарына кошсок болот.

Ал эми анын айыл-чарба тармагын жакшы түшүнɵрү анын артыкчылыктарынын бири. Анткени, Кыргызстан - агрардык республика. Сооронбай Жээнбеков гана келечекте бул тармакты оң жолго салып өнүктүрө алат. Сооронбай Жээнбеков өнөр жай, региондорду өнүктүрүү, мамлекеттик башкаруу органдардын кадрлар менен чыңдоого көп көңүл буруп жатат.

Мамлекеттик кызматтын бардык тепкичтерин этап-этабы менен басып келе жаткан Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн экономикасын өнүктүрүп, калктын турмуш-тиричилигин жакшыртууга жөндөмдүү, Кыргызстандын президенттигине татыктуу талапкер.


Мухаммед Имазов, дунгантаануу жана кытай Борборунун жетекчиси, КР УИАнын мүчө-корреспонденти:

Ар бир саясатчыга анын кылган ишинин натыйжасына, жасаган кадамдарына жараша баа бериш керек. Сооронбай Жээнбеков тууралуу жакшы сөздөрдү гана айтууга болот. Алмазбек Атамбаев бийликте турган 6 жылда көп нерсе өзгөрдү, өлкөдөгү кырдаал стабилдешти. Электр жарыгы өчөт деп коркпой калдык, инфляция болот деп ойлонбой, митинг, пикеттерден улам өлкөдөгү стабилдүүлүк бузулат деп тынчсызданбай калдык. Акыркы жылдары Кыргызстанда болгон оң өзгөрүүлөрдө Сооронбай Шариповичтин да жеке салымы бар. Ал Атамбаевдин командасынын мүчөсү, жогорку кызматтарга жулунган жок, карьерист эмес. Кыргызстандагы көп саясатчыларга командада иштей билүү жетишпейт, ал эми биз сөз кылып жаткан талапкерде андай сапат бар.
Сооронбай Жээнбеков – мекенчил адам, Кыргызстанда жашаган бардык улуттарга урмат-сый менен мамиле кылат. Ал үчүн кыргыз эли көп улуттуу дегенди түшүндүрөт. Ушул жылы дунган эли Ысык-Көлгө келип отурукташканга 140 жыл болгонун белгилешти. Иши аябай көп экенине карабай ал өкмөт башчысы катары дунгандардын Ырдык айылында болуп кайтты. Ошол үчүн мен анын мыкты президент болорунан шегим жок.

Каныбек Туманбаев, ишкер:

Мен 15 жыл Россияда жашап, иштедим. Апрель революциясынан кийин үйүмө, Жалал-Абадга кайттым. Анткени, Кыргызстанда өзүмдү таап, балдарымды мекенимде тарбиялап, өстүргүм келет. Учурда курулуш тармагындагы бизнесим өнүгүү жолунда баратат, жакынкы күндөрү кагаз иштетүүчү фабрика ачканы турам. Ишкер катары мен өлкөдө стабилдүүлүк сакталып, уланышын каалайм. Бизге карата бийлик тарабынан кысымдар жок, тескерисинче, мамлекет биринчи жолу бизнеске колдоо көрсөтүп жатат, жаңы базарларга жол ачып, жеңилдетилген кредиттерди берүүгө жардам кылууда.

Сооронбай Жээнбековду Ош облусунун губернатору болуп иштеген мезгилден бери билем. Жөнөкөй, адамгерчиликтүү, жакшы адам. Ошол эле маалда талапкөй жетекчи. Өлкөнүн кызыкчылыктарын жакшы түшүнүп, көйгөйлөрүн жакшы билет. Мамлекет үчүн биринчи кезекте жаңы жумушчу орундарын түзүү, жумушсуздукту жоюу маселелери курч болуп турат. Мамлекеттин жаңы ишканалардын ачылуусун колдоого алуусу кыргызстандыктардын чет жерлерге кетпестен, өз үйлөрүндө иштеп, акча табууларын шарттамак. Жээнбеков президент болуп турганда биздин мигранттар мекенине кайтышат. Муну менен өнөр жай, экономика өнүгүүгө өрүш алат. Ошондуктан Сооронбай Жээнбековду чын дилден колдоп, башкаларды да ага добуш берүүгө чакырам. Анын колунан келет!

Дилором Рафикова, пахтачы, Социалисттик Эмгектин Баатыры:

Биздин Араванда Ош облусунун мурдагы губернатору Сооронбай Жээнбековду жакшы билишет. Июнь окуясындагы коогалаңдуу күндөрдө ал бекинип, же иш бөлмөсүнөн чыкпай койгон жок, элге жардам берип, куткарып жүрдү. Сооронбай Шариповичтин ал окуяны басуудагы ролу чоң болду, ал улутуна карап бөлбөй, кыргызстандыктардын баарын куткарууга катышты. Андан кийин үстүндө чатыры, кийими, тамагы жок калгандар кайрылышып, алардын баарына аябай жардам берди. Ал элдин эсинде. Мыкты губернатор эле, өкмөт башчысы катары да жакшы иштеди. Ал өкмөттү жетектеп турганда өлкөдө текстилдик фабрикалар курула баштады, бул пахтага болгон суроо-талап өсөт, айылда жумуш болот дегендик эмеспи. Бизде пахтаны кайра иштетүү өнөр жайына 90-жылдары чоң сокку урулган. Токуу фабрикалары эми кайрадан жандана баштады, биз бүгүнкү күнү кездеме, даяр кийим түрүндө да өндүрө алабыз.
Менин ишенимимде, Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматта да мамлекет үчүн көп иштерди жасай алат, анын талапкерлигине токтолуу эң туура чечим болгон. Мекендештеримдин баарын Сооронбай Жээнбековго добуш берүүгө чакырам!

Байгазы Кенжебаев, Кыздар күрөшү боюнча Федерациянын вице-президенти, улук машыктыруучу:

Мен бардыгын Сооронбай Жээнбековго добуш берүүгө чакырам, анын бир канча себеби бар. Мен жеке аны жакшы тааныйм деп айта албайм, бирок бир ирет биздин чемпион кызды сыйлоодо жолукканбыз. Биздин Таласка келгенин теледен бир канча ирет көргөм. Мен үчүн анын репутациясы булганбаган, тазалыгы маанилүү. Кыргызстанда саясатчылар көп, бирок алардын дээрлик бардыгы коррупциялык иштерге аралашкандыгы менен белгилүү. А Сооронбай Шарипович ага окшогон ыплас нерселерге аралашкан эмес.
Анын жетекчилик тажрыйбасы бай, турмуштук көз карашы кеңири экендиги да кубандырат.
Сооронбай Жээнбеков кызматтык тепкичтердин баарын басып өткөн, кечээ эле пайда боло калгандардан эмес. Ал өз ишинде дайыма мыкты натыйжа көрсөтүп келатат. Акыркы кызматынын натыйжасы менен ал президенттикке татыктуу экенин көрсөттү деп ойлойм. Эл ага ишеним артууда. Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү күндө президенттикке татыктуулардын эң татыктуусу.